Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 20/06/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын административдик мамлекеттик кызмат орундарына

квалификациялык талаптар

 

         Жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билүү:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; “Маалыматка жетүү кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”; “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Административдик ишмердиктин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы      № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы      № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.
  1. Мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.

 

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Каракол шаардын паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмү

Начальник – ( 1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

         - юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы жогорку билим; же болбосо бул кызматтагы функционалдык багыттарга ылайык келген тармактарда беш жылдан кем эмес иш стажы болгондо каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;

         - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес же конкреттүү кызматтын тийиштүү тармактык багытынын тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө иш стажы 5 жылдан кем эмес;

         - үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

         - 2007-жылдын 21-майындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Сырткы миграция жөнүндө”, 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 “Ички миграция жөнүндө”, 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу”, 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө”, 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу”, 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө”, 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жөнүндө”, 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомдорун билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерде жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

         - паспорттук-визалык жана каттоо иштерге талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилелерди интеграциялоо;

         - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжаларына жоопкерчилик тартуу;

         - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;

         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.

         Көндүмдөр:

         - түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, Департаменттин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз-карашын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);

         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

         - документтер жана так отчеттуулук бланктары менен иштөө;

         - натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Ала-Бука райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү

Башчы – ( 1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

         - жогорку юридикалык билим;

         -        мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес же конкреттүү кызматтын тийиштүү тармактык багытынын тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө иш стажы 5 жылдан кем эмес;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексин, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексин, 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, 2007-жылдын 15-августундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;

         - мамлекеттик жана расмий тилдерде жазуу жана оозеки түрдө билүү.

         Ыктуулугу:

         - мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;

         - ишти натыйжалуу пландаштыруу;

         - жарандарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү;

         - башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;

         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

         - маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

         - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

         - кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдына чыгууларды жүргүзүү.

 

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

• Директордун орун басары Г-А

         1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

         - жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, юриспруденция, экономика, агрономия, гидромелиорация, архитектура, курулуш багыттары боюнча жогорку билим.

         2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же конкреттүү кызмат ордунун тиешелүү тармактык багытындагы тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесипкөй компетенциялары:

         Билүү зарыл:

         - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»; «Жайыттар жөнүндө»; «айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»; «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген Запас жерлерди калыптандыруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 08-декабрындагы  № 427 токтому менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жер участокторун алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 08-декабрындагы  № 311 токтому менен бекитилген жер участогуна укуктарды күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы  № 177 токтому менен бекитилген Жеке турак жай курууга жер участогун берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы  № 388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы  № 169 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо.

Ыктуулугу:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылаштыруу, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылаштыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2017-жылдын 4-июлүна чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44 дареги боюнча № 102 бөлмөгө берүү керек, телефону: 62-49-15.

 

Толук маалымат www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg.  сайттарында жайгаштырылган.

 

 

 

 

 

 

 

 

Партнеры