Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 11/07/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

ачык конкурс жарыялайт :

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматынын административдик мамлекеттик кызмат орударына коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Жалпы квалификациялык талаптар:

1.  Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”; “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө»; «Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө»; «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”; “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускама;

- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

2. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Борбордук аппарат

 

Маалыматтарды иштеп чыгуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси (М-А)

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

- маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар, экономика, юриспруденция багыттары боюнча жогорку билим.

      2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесипкөй компетентүүлүгү:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө»; «Жарандык абалдын актылары жөнүндө».

      Ыктуулуктары:

      - жогору турган жетекчилердин тапшырууларын сапаттуу аткаруу;

      - документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

      - тиешелүү чөйрөдөгү атамекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана практикалык ишине пайдалануу;

      - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

      - министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБО кайрылууларын карап чыгуу жана жоопторду, корутундуларды даярдоо;

        - ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана практикалык ишине пайдалануу;

      - жарандардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын карап чыгуу жана жоопторду даярдоо.

      Көндүмдөрү:

      - аналитикалык иш;

      - ишин пландоо;

      - натыйжалуу угуу;

      - мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик техникада, ошондой эле зарыл программалык камсыздоолор менен иштей билүү;

- маалыматтык-теле коммуникациялык тармактар менен иштөө;

- операциялык тутумда иштөө;

- тексттик редактор менен иштөө;

- электрондук таблицалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- маалыматтык базалар менен иштөө.

Кызматтык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын импорттоону жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын иштеп чыгат;

- борбордук деңгээлде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын идентификациялоону жана верификациялоону жүзөгө ашырат;

- борбордук деңгээлде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын салыштырып текшерүүнү жүзөгө ашырат;

- берилген параметрлери боюнча окшош адамдарды маалыматтык тутумдардан издөөнү жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын маалыматтык тутумдарда иштеп чыгууда, сактоодо жана пайдаланууда маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактайт;

           - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын камтыган материалдык алып жүрүүчүлөргө коюлган талаптарды сактайт.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) резюме, фотосүрөт;

- паспортунун көчүрмөсү;

- зарыл кесипкөй билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтери (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражасын жана же окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө документтеринин нотариуста же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү)

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды берген адамдар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 24-июлунда саат 18:00гө чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, 102-кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

Кеңири маалымат төмөнкү даректерде жайгаштырылган: www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg.

 

Партнеры