Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 08/08/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы

АРХИВ АГЕНТТИГИ

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Законуна ылайык төмөндөгү ваканттык административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт

Жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билими:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык закону;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Респуликасынын төмөндөгү закондору: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө”, “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы №341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  №128 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы  №517 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси; 
  1. Зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтери менен иштөө башкармалыгы

Башкы адис С-Б (1 бирдик)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

-Экономика жана гуманитардык илимдер багытында жогорку билимдүү.

2.  Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

      -Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген 1 жылдык же кесиби боюнча 3   жылдан кем эмес иштеген стажысы.

 

  1. Кесиптик компетенциясы:
  2.  

-Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын закондору: “Республикалык бюджет жөнүндө” (тиешелүү жылга), “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “ Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө”,  “Банктроттук жөнүндө”;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июлундагы  №224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча
    жобо.
  •  
  • Архив ишинин тармактары боюнча өнүгүү концепцияларын иштеп чыгуу;
  • Архив тармагынын стратегиялык жана концептуалдык маселелерин аткаруу индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо;
  • Архив ишинин тармактары боюнча өнүгүүнүн  экономикалык прогнозуна контроль жана талдоо жүргүзүү;
  • Архив документтерин сактоо шарттарынын талаптарын камсыз кылуу жана контролдоо;
  • Архив имараттарынын, стеллаждардын жана кутулардын стандарттарын иштеп чыгуу;
  • Пландоо- отчеттук документтерине талдоо жүргүзүү, корутунду жазуу;
  • Жылдык, кварталдык пландарды, республиканын архив мекемелеринин иштери боюнча отчеттерду түзүү;
  • Аналитикалык документтерди даярдоо;
  • Тийиштүү жаатта өз мекенибиздин жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларына жана алардын практикада колдонулушуна талдоо жүргүзүү;
  • Иш сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү;
  • Жаңы иш шарттарына көнүү;
  • Эл алдында чыгып сүйлөө;
  • Коллегалар менен эффективдүү кызматташуу.
  •  
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
  • Башкаруу чечимдерин иш жүзүнө оперативдүү ишке ашыруу;
  • Компьютердик программалар жана оргтехника менен иштей билүү.

 

Ведомстволук архивдер менен иш алып баруу жана көзөмөлдөө сектору

Ага инспектор М-А (1 бирдик)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- Экономика жана гуманитардык илимдер багытында жогорку билимдүү.

 

       2.  Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы

         - Эмгек стажы талап кылынбайт

 

       3.  Кесиптик компетенциясы:

Билими:

  • Кыргыз Республикасынын закондору: “ Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) боюнча”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Документтеридин милдеттүү нускасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 1993-жылдын 23-октябрындагы  №519 “Кыргыз Республикасынын архивист күнүн белгилөө жөнүндө”, 1996-жылдын 11-мартындагы N 95 “Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин Архивдердин Эл аралык Кеңешине мүчөлүгү жөнүндө”, 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 264 “Кыргыз Республикасында архив ишинин абалы жана аны жакшыртуу чаралары жөнүндө”, 2000-жылдын 28-апрелиндеги N 244 “Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы N 464 токтому менен

бекитилген “Кыргыз Республикасынын Архив ишин өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы N 346 токтому менен бекитилген Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобо жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмеси

 

  •  
  • Жетекчилердин тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышы;
  • Документтердин, маалыматтын, суроо-талаптардын жоопторунун сапаттуу даярдалышы;
  • Тийиштүү жаатта өз мекенибиздин жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларына жана алардын практикада колдонулушуна талдоо жүргүзүү;
  • Кызмат милдеттерине ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүн эффективдүү пландоо;
  • Мамлекеттик жана официалдуу тилдерде кат алышуу;
  • Командада иштөө.

 

  •  
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Компьютердик программалар жана оргтехника менен иштей билүү.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөт, автобиография;

-паспорттун көчүрмөсү ( паспорттун же өзүн кубөлөндүргөн документтин түп нускасы документтерди тапшырып жаткан учурда, о.э. тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

- кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берилгендиги тууралуу документтердин  нотариалдык же иштеген жеринен тастыкталган көчүрмөлөрү);

- рекомендация кылуучу каттары (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын талабы боюнча);

- Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге сынакка  катышууга уруксат берилбейт.

 

Документтерди 2017-жылдын 21-августунун саат 17.30 чейин ушул адрес боюнча тапшыруу зарыл: 720040, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, №26 кабинет, телефон: 62-13-24

Толук маалымат www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg. сайттарында жайгашкан.

Партнеры