Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 05/09/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

ички конкурс жарыялайт:

 

Ведомстволук бөлүнүш

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Жети-Өгүз райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы (Г-Б) 

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

         -  юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

         - Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө», «Ички миграция жөнүндө»;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” жобо;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” нускама;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” жана № 197  “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтомдору .

         Ыктуулуктары:

         - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишине талдоо жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү жан контролдоо;

         - башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

         - кызыкчылыктардын кагылышына алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

         Көндүмдөрү:

         - иштерди бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;

         - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

         - маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

         - башкалардын ишинин натыйжалуулугун баалоо жана контролдоо көндүмдөрү;

         - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, коом алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билү;

- компьютердик жана уюштуруу техникалары, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Биринчимай райондук жарандык абалдын актылары жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы (Г-Б) 

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

Ыктуулуктары:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

  - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүүнүн ыкмаларын талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

  - башкаруучу чечимдерди  ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

  - кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

  - коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

  - өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин натыйжалуу пландоо;

  - ведомстволор аралык өз ара алака түзүү.

  •  

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, бекитүү жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, жалпылоо жана тутумдаштыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) резюме, фотосүрөт;

- паспортунун көчүрмөсү;

- зарыл кесипкөй билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтери (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтеринин нотариуста, же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды берген адамдар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 11-сентябрында саат 18:00гө чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, 102-кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

 

 

 

 

Партнеры