Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 27/11/2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

кадрлардын ички жана Улуттук резервдеринде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

 

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

 

Директордун орун басары Г-А

            1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            - төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесипкөй билим: жерге жайгаштыруу; геодезия; картография; юриспруденция; экономика; агрономия; гидромелиорация; архитектура; курулуш.

            2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

            - Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»; «Жайыттар жөнүндө»; «айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»; «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген Запас жерлерди калыптандыруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 08-декабрындагы  № 427 токтому менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жер участокторун алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 08-декабрындагы  № 311 токтому менен бекитилген жер участогуна укуктарды күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы  № 177 токтому менен бекитилген Жеке турак жай курууга жер участогун берүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы  № 388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы  № 169 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо.

Ыктуулугу:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү.

 

Финансы-экономикалык, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Г-Б

            1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            - төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономика; бухгалтердик эсеп; финансы жана кредит.

            2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

- «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

       - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобо.

            Ыктуулугу:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү.

 

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Жети-Өгүз райондук калкты паспорттоштуруу

жана каттоо бөлүмүнүн башчысы  Г-Б 

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

            -  төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

            - Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө», «Ички миграция жөнүндө»;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карт) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” нускама;

              - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

  •  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо.

            Ыктуулуктары:

            - түзүмдүк бөлүнүштөрдүн ишине талдоо жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

            - башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышына алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү.

            Көндүмдөрү:

            - иштерди бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;

            - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

            - маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

            - башкалардын ишинин натыйжалуулугун баалоо жана контролдоо көндүмдөрү;

            - ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, коом алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникалары, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Алай райондук жарандык абалдын актылары жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы (Г-Б) 

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодекси;

- Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

Ыктуулугу:

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;

- ведомстволор аралык өз ара байланыш.

            Көндүмдөрү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, бекитүү жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматтарды талдоо, жалпылоо жана системалаштыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- жаңжалдуу жагдайларды жөнгө салуу;

            - натыйжалуу алака түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, эл алдында чыгып сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуунун ыкмаларын билүү;

- маалыматтык базалар менен иштөө;

- бетачарларды даярдоо;

- кызматтык убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү керек: 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотография;

- паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска документтер тапшырылган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

-  зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);

- сунуштама каттар (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген талапкерлер конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмгө тиркелген документтерди 2017-жылдын 1-декабрында (кошо эсептелет)  саат 18:00гө чейинки мөөнөттө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл, № 102 кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

Партнеры