Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 15/01/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна

ички конкурс жарыялайт :

 

Борбордук аппарат

 

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (С-А)

1) Кесипкөй билиминин деңгээли:

- юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика багыттары боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесипкөй компетенциялары:

Билүү зарыл:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө.

         Ыктуулугу:

- чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана ишке ашыруу;

- кабыл алынган чечимдерди контролдоо, талдоо жана натыйжаларын прогноздоо;

- жумуш убактысын уюштуруу жана пландоо;

- кесипкөй кызматтык ишин пландоо;

- мамлекеттик органдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүү менен иштөө;   - иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- аткаруу тартиби;

- жаңжалдардын алдын алуу жана чечүү;

- стратегиялык максаттарды жана милдеттерди аныктоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- салыштырма талдоо жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

- аналитикалык, кызматтык документтерди түзүү, презентацияларды өткөрүү;

- командада иштөө;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, коом алдында чыгып сүйлөө, презентацияларды, жумушчу отурумдарды, окуу семинарларын уюштуруу жана өткөрүү;

- тапшырмаларды ыкчам аткаруу;

- компьютердик жана уюштуруучу техникалар, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

Кызматтык милдеттери:

         -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

         -жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун жана сакталышын камсыздоо;

         -кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

         -Кызматта белгиленген ички тартип эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалыматтар менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

         -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык деңгээлди кармап туруу;

         -чет өлкөлөрдүн коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы иш тажрыйбасын үйрөнүү жана бул жааттагы өзүнүн билимдерин өркүндөтүү;

-коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы аракеттеги мыйзамдарды колдонуу практикасын изилдөө жана талдоо;

  -Кызматтагы коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу, аныкталган тобокелдиктерди кыскартуу жана жоюу (башкаруу) боюнча сунуштарды даярдоо;

-кызыкчылыктардын кагылышынын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүү;

-мамлекеттик кызматчылардын этикалык стандарттарын жана жүрүм-турум үлгүлөрүн жана ак ниет башкаруу принциптерин киргизүү боюнча иш жүргүзүү;

-түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөр менен бирге Кызматтын антикоррупциялык программасын жана планын даярдоо, аларды аткаруу процессин координациялоо;

-Кызматтын бөлүнүштөрүнүн жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары жана кайрылуулары, анын ичинен “ишеним телефону” жана электрондук почта  аркылуу түшкөн арыздар жана кайрылуулар менен жүргүзгөн ишине, аларда коррупция фактыларынын бар болушуна талдоо жүргүзүү;

-төмөнкү маселелер боюнча материал даярдоо жана Кызматтын жетекчисине берүү: массалык маалымат каражаттарындагы коррупция көйгөйлөрүнө, коррупциогендик факторлорго жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу чараларына арналган макалаларга жүргүзүлгөн мониторинг боюнча; жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын коррупциялык иш-аракеттерден коргоо маселелери боюнча кайрылууларын карап чыгуу практикасына жүргүзүлгөн талдоо боюнча материалдар;  

- Кызматтын кызматкерлерин коррупцияга каршы окутууну уюштуруу, ошондой эле аларга жекече кеңеш берүү;

-адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө кызыкчылыктардын кагылышын алдын алууга жана жөнгө салууга, ошондой эле “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди аткарууга багытталган чектөөлөрдүн, тыюулардын жана талаптардын Кызматтын кызматкерлери тарабынан сакталашын камсыздоого көмөктөшүү;

-кызматкерлерди коррупциялык укук бузууларды жасоого, анын ичинен кызыкчылыктардын кагылышына байланышкан укук бузууларга тартуу фактыларын эсепке алууну жүргүзүү жана аларга мындай жагдайларда зарыл чараларды көрүү маселелери боюнча кеңеш берүү;

-Кызматтын ишинин ачык-айкындыгынн жогорулатууга жана маалыматтык ачыктыгын камсыздоого көмөктөшүү;

-Кызматтагы коррупциянын алдын алуу процессине жарандык коомдун институттарын тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

-калктын арасында коррупцияга каршы пропаганда жана ишке ашырылып жаткан превентивдүү чаралар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү программасын жана планын иштеп чыгуу;

-кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүү, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө декларацияларды кароо жана талдоо боюнча комиссиялардын, ошондой эле этика боюнча комиссиянын ишине катышуу;

-органдын коррупциялык тобокелдиктеринин тизмегин жана кызыкчылыктардын кагылышынын типтүү жагдайларынын маалыматтык базасын түзүү;

-Кызматтын Коомдук байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу;

-кварталына бир жолу Программаны, Планды жана ведомстволук коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын пландарынын ишке ашырылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшүнө берүү үчүн Кызматтын отчетторун түзүү;

-ар жылы Кызматтын Коллегиясында каралышы керек болгон маалыматтарды түзүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) резюме, фотосүрөт;

- паспортунун көчүрмөсү;

- зарыл кесипкөй билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтери (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражасын жана же окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө документтеринин нотариуста же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү)

 Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди же маалыматтарды берген адамдар конкурска катышууга киргизилбейт.

 Көктөмгө тиркелген документтерди 2018-жылдын 19-январында саат 18:00гө чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, 102-кеңсе, телефону: 62-49-15.

 

Партнеры