Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 29/01/2018

         КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

Кызматтын 2017-жылдын 6-октябрындагы № 150 буйругу менен бекитилген Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук жана шаардык башкармалыгынын (бөлүмүнүн) начальнигинин, начальниктин орун басарынын

 бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө жобого ылайык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билүү:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  •  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; “Маалыматка жетүү кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Административдик ишмердиктин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы            № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы    № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы            № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  1. Билүү:
  • мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык өнүмдөрдү.

 

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

 

  1. Майлуу-Суу шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  2. Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  3. Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  4. Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
  5. Жумгал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

 

Квалификациялык талаптар:

Билими:

  • жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, юриспруденция, экономика, агрономия, гидромелиорация, архитектура, курулуш, экология жана жаратылыш пайдалануу багыты боюнча жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • тутумдагы иш стажы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы 5 жылдан кем эмес.
    •  
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы          № 169 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы    № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы       № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан  кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобо.
    •  
  • иштин келечектүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • алдыга коюлган маселелерди чечүү үчүн, жаңычыл көз-караштарды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, жетекчиликтин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • талаш-тартыш кырдаалдарды жөнгө салуу.
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, элге чыгып сүйлөөнү жүргүзүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян резюме, фотосүрөт;

  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • КР ИИМден соттолбогону тууралуу маалымкат.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2018-жылдын 6-февралына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44 дареги боюнча № 102 бөлмөгө берүү керек, телефону: 62-49-15.

 

 

 

 

 

Партнеры