Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 16/05/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

Борбордук аппарат

 

Адам өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси С-Б (1 бирдик)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 токтому менен бекитилген иштеген жылдар үчүн кызматтык маянага үстөк төлөө үчүн мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы стажды эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча баракчанын формасын жана эмгек китепчесин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө.
    •  
  • маалыматтарды топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнө билүү.

Көндүмдөр:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М-А (1 бирдик)

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- инженер-куруучу, жерге жайгаштыруу жана кадастр, картография жана геоинформатика, геодезия жана аралыктан байкаштыруу, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобо;
  • жер мамилелери жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.
    •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кайрылууларын кароо, алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;
  • ЧУАга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
  • жарандардын, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

Көндүмдөрү:

  • аналитикалык иштер;
  • ишти пландаштыруу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • маалыматтар базалары менен иштөө;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

 

Ведомстволук бөлүнүштөр

 

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти

 

Директордун орун басары Г-А (1 бирдик)

 

  1.             Кесиптик билим деңгээли:
  • автомобилдер жана автомобилдик чарба, жолду уюштуруу жана коопсуздугу, жол кыймылын уюштуруу, транспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу, автомобилдик жолдор жана аэродромдор, автомобилдик жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер, транспорттук каражаттарды иштетүү, жол жана курулуш машиналары, транспорттук-технологиялык машиналар жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө, көтөрүлмө-транспорттук, курулуштук, жол машиналары жана жабдуулары, транспорттук процесстердин технологиясы, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү, айыл чарбасын механизациялоо, АӨКтө машиналарды тейлөө жана оңдоо технологиясы, автожолдорду куруу жана иштетүү жана/же юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
  1. Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген транспорттук каражаттарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укуктарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын уюштуруу жана камсыздоо тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына оперативдүү кирүүгө уруксат берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобо.
    •  
  • түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • аймактык бөлүмдөрдүн ишине талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо жана контролдоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
    •  
  • ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, иштиктүү этикеттин жолдорун билүү, кеңешмелерди өткөрүү, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

Директордун орун басары (Жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу ишин уюштуруу) Г-А (1 бирдик)

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекси, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси;
  • “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип (жекече) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

Ыктуулугу:

  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүнө талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүү жолдорун интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
    •  

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды

жекелештирип эсепке алуу бөлүмдөрү

 

  1. Бишкек шаардык Биринчи Май районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  2. Талас шаардык жана Талас районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  3. Ак-Талаа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  4. Ат-Башы районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  5. Сузак районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  6. Аксы районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодекси, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси;
  • “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип (жекече) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

Ыктуулугу:

  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүнө талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүү жолдорун интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган маселелерди чечүү үчүн жаңы жолдорду колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
    •  

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана сунуштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- кагылыш кырдаалдарды жөнгө салуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

- маалыматтар базалары менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

- кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү

  1. Бишкек шаарынын Ленин райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  2. Москва райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  3. Ак-Талаа райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  4. Кара-Кулжа райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  5. Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  6. Чоң-Алай райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  7. Жалал-Абад шаардык калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  8. Таш-Көмүр шаардык калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  9. Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).
  10. Талас шаардык жана Талас райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Г-Б (1 бирдик).

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоодогу эсептен чыгаруу эрежелери жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы – 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобо.

Ыктуулугу:

  • аймактык бөлүмдөрдүн ишине талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо жана контролдоо;
  • башкаруучулук чечимдерди оперативдүү кабыл алуу жана алардын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
    •  

- иштерди бөлүштүрүү, пландоо, башкаруу;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- башкалардын ишин контролдоо жана натыйжалуулугун баалоо көндүмдөрү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- эффективдүү өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү;

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык өнүмдөр менен иштей билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2018-жылдын 22-майына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, КРӨ МККнын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 иш бөлмөсүнө берүү керек, телефону: 30-10-98.

 

 

Партнеры