Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 21/11/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

Борбордук аппарат

 

Калкты документтештирүү жана архивдик иш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М-А

1) Кесиптик билим деңгээли:

     - маалыматтык технологиялар жана телекоммуникация, информатика жана маалыматтык технологиялар, колдонмо математика жана информатика, юриспруденция боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажы талап кылынбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук Aрхив фонду жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябры № 619 токтому менен бекитилген “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө”.

 

  •  
  • жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кайрылууларын кароо, алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;
  • ЧУАга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
  • жарандардын, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

 

Көндүмдөр:

  • аналитикалык иштер;
  • ишти пландаштыруу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
  • жумуш убактысынын сарамжалдуу пайдалануу;
  •     компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү;
  • маалымат жана телекоммуникация тармактарында иштөө;
  • операциялык системада иштөө;
  • текст редактору менен иштөө;
  • электрондук таблицалар менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • маалымат базалары менен иштө.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2018-жылдын 28-ноябрына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, КРӨ МККнын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 бөлмөгө берүү керек, телефону: 30-10-98.

 

 

 

Партнеры