“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 23-беренесинин 16-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2017-жылдын 6-июлундагы (дело № 05-1301/17ГД) токтомунун негизинде
Жунушев Мухтар Акылбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Баткен регионалдык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Алмаматов Насирбек Закирович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-сынак бөлүмүнүн башчысы кызматына кайра дайындалды.