Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин (баалардын) прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин) негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартибине, 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин прейскурантын макулдашуу жөнүндө” буйругуна ылайык буйрук кылам:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин (баалардын) прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси:
- жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин ушул буйрук менен тааныштырсын жана калк үчүн жеткиликтүү жерлерге жайгаштырсын;
- көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алууну жүргүзгөн банктарга белгиленген тартипте тарифтерди өзгөртүү жөнүндө билдирүү жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү менен биргеликте ушул буйрукту жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
- Бардык пункттар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы бир бирдик үчүн алынаары белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ылайык келтирсин жана “Транспорт каражаттарынын регистри”, “Айдоочулук курамдын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системаларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын 5-январына чейинки мөөнөттө ушул буйруктун 2 жана 4-пункттары боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат берсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төмөнкү буйруктары күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2019-жылдын 7-майындагы № 112 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин (баалардын) прейскурантын бекитүү жөнүндө”;
- 2020-жылдын 28-февралындагы № 47 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 7-майындагы № 112 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин (баалардын) прейскурантын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.
- Ушул буйрук 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
- Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.Дж. Джеембаевге жүктөлсүн.
Төрага А.М. Мамбеталиев