
Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев ЭлТРде "Күн маек" маалыматтык-аналитикалык телеберүүсүнө катышты.
Телеберүүнүн темасы “МКК тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө”.
МККнын башчысы журналистке берген маегинде ведомствонун 2020-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга пландары менен бөлүштү.
Мындан тышкары алдыңкы технологияларды ишке ашыруу аркылуу сапаттуу жана жөнөкөйлөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана алдыңкы технологияларды колдонуу жөнүндө маселелер талкууланды.
Акыркы жылдары МКК санарип технологияларды колдонуп, мамлекеттик каттоо жаатында болуп көрбөгөндөй секирик жасады. Кызмат тарабынан 80 долбоор иштелип чыккан, анын 46сы буга чейин ишке киргизилип, 27си жакында кирет, 7си даярдалып жатат.
Телеберүүнүн форматы МКК төрагасы Акын Мамбеталиевге көрүүчүлөрдөн да курч суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Биз социалдык тармактарда: