
Шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында, 2021-жылдын 3-мартынан 20-мартына чейин мобилдүү Калкты тейлөө борборлору республиканын аймактарында шаарлардын жана айылдардын борбордук аянттарында же борбордук базарынын кире беришинде жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн жайгашышат.
Эртең мененки саат ондон кечки саат төрткө чейин жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, жашаган жери боюнча каттоодон өтүп (катталып), паспорт алмаштырууга арыз жазып, жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоо жөнүндө маалымат ала алышат.
Биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жарандардын жанында паспорту болушу керек. Каттоодон өтүү үчүн керектүү документтердин тизмесин 119 номери аркылуу (Мамлекеттик каттоо кызматынын Call-борбору) тактап алса болот.
Көчмө калкты тейлөө борбору – калкты каттоо жана паспорттоштуруу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн бардык керектүү техникалык шаймандар менен жабдылган атайын кичи автобус, анда кассалар, фото жана көчүрмө кызматтары бар.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте жана БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурууда.
Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн, биометрикадан өтпөй калган 300 миңден ашуун кыргызстандыктардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу пландаштырылууда.