
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси ушул жылдын 14-апрелинде транспорт каражаттарынын колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо белгилерин сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Алынган каражаттардын бардыгы мамлекеттик бюджетке которулат.
Товардын жалпы салмагы 143,280 кг (түстүү металлдын сыныгы - алюминий).
5-марттан 5-апрелге чейин бардык аукционго катышуучулар кайрылуу калтыра алышат.
Толук маалыматты 0312 63 16 74; 0555 00 10 15 телефон номерлери аркылуу жана https://grs.gov.kg/ru/important/1540-podrobnieie-auktsion-po-sbytu-ispolzovannykh-i-ann/ шилтемеси аркылуу ала аласыздар.
Аукционго катышуу үчүн кайрылуулуну үлгүсү менен https://grs.gov.kg/ru/important/1541-tipovaia-zaiavka-na-uchastiie-v-konkursie/ бул жерден таанышып алсанар болот.