
Май айынын башынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарынын ID-карта паспортторун акысыз берүү боюнча улуттук кампания башталды. Бул кампаниянын алкагында жалпысынан 67 арыз кабыл алынды, анын ичинен 3 ардагерлер, 64ү 16 жаштан 18 жашка чейинкилер. 37 ID-паспорт колдоруна берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кампания 2021-жылдын 31-августуна чейин уланат.
ID-паспортту акысыз, жоготулган учурларды кошпогондо, төмөнкү категориядагы адамдар алууга укуктуу:
- мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык жатак мекемелеринде жашаган 16 жашка чейинки балдар;
- 18 жашка чейинки, эки ата-энеси тең каза болгон жетимдер (толук жетимдер);
- мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;
- мамлекеттик тарабынан камсыздалган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан ашкан пенсионерлер;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары (анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган, концлагерлердин жашы жете элек туткундары) жана Баткен окуясынын катышуучулары.