Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/09/2014
  • Просмотров: 2779

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы А.Шаикованын 2014-жылдын 17-сентябрындагы №163-к буйругу менен Кочонов Алмазбек Мухтаралиевич, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 11-июнундагы аныктамасына ылайык «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын жетекчиси кызматына калыбына келтирилген.

2014-жылдын 17-январында А. Кочонов ээлеген кызматынан МККнын мурунку төрагасы Эрлан Сапарбаевлин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 2-пунктуна ылайык “кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу, анын ичинде уюмдун кайра өзгөртүп түзүлүшүнө байланыштуу” бошотулган.

Бүгүн, 2014-жылдын 23-сентябрында, «Инфоком» МИнин директорунун орун басары А. Мамбеталиев расмий түрдө жамаатка кызмат ордуна калыбына келтирилген «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын  жетекчиси А. Кочоновду тааныштырган.

А.Кочонов«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын жетекчиси кызматында 2012-жылдын 14-августунан 2014-жылдын 17-январына чейин иштеген.

А.Кочонов 1977-жылдын  22-августундаОш ш. төрөлгөн, жогорку юридикалык билимге ээ. «Универсал ЛТД», «Кыргызавтобанк», «Казкоммерцбанк Кыргызстан», «Актел», «Абател» ЖЧКсы компанияларында узак убакыттар бою юрист болуп эмгектенген.

Өнөктөштөр