Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 28/10/2014
  • Просмотров: 2794

Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча кампания “КР жарандарынын биометрикалык маалыматтары жөнүндө” мыйзамдын алкактарында жүргүзүлүүдө.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинде дүйшөмбүдө, 27-октябрь күнү, биометрикалык маалыматтарын 118 адам тапшырган, ИИМ Академиясынан – 120. Алгачкылардын катарында өз биометрикалык маалыматтарын (БМ) Академиянын начальниги Жеңиш Жакыпов, анын орун басарлары, ошондой эле факультеттердин, кафедралардын, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жана кызматтардын начальниктери тапшырышты.

ИИМ Академиясындагы биометрикалык маалыматтарды топтоо жуманын акырына чейин созулат. 28-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигиндеги БМ топтоо жана каттоо боюнча мобилдүү топ Бишкек шаарынын Протездик-ортопедиялык буюмдар республикалык ишканасында иштей баштайт.

 

Өнөктөштөр