Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/10/2014
  • Просмотров: 2405

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, РФ ТИМдин нотасына ылайык, Кыргызстандын жарандарын 2015-жылдын 1-январынан тартып РФтин аймагына кирүү жана андан чыгып кетүү чет элдик паспорттор боюнча боло турган режимдин киргизилгендиги тууралуу эскертет.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы калктын арасында 2015-жылдан тартып РФке кирүү үчүн чет элдик паспортту көрсөтүүнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошону менен бирге, РФтин чек арасын кесип өтүү учурунда, чет элдик паспортторду 16 жашка чейинки балдар дагы көрсөтүүлөрү керек болот.

Маалымат үчүн:
Азыркы учурда РФтин аймагына кирүү үчүн Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн көрсөтүү менен ички паспорттору (ID-card) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн (16 жашка чыга элек балдар үчүн) колдоно алышат.

Өнөктөштөр